Turat Alybaev WhatsApp Channel

Turat Alybaev

45 subscribers

About Turat Alybaev

🔹Програмдоо; 🔹Өздүк макалалар; 🦉Flutter developer; 🔹Жеке ишкер; 🔹 App IT Company негиздөөчүсү; ☝️ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНӨ САЛЫМ КОШ

Similar Channels

Swipe to see more

Posts

Turat Alybaev
Turat Alybaev
3/1/2025, 1:09:33 AM
Post image
👍 2
Image
Turat Alybaev
Turat Alybaev
3/1/2025, 1:09:10 AM

🕌 Рамазан айыбыз куттуу, берекелүү болсун! 👋🏻 Ассалоому алейкум урматтуу окурманым. Кудайдын буйругу менен бул ыйык Рамазан айына дагы аман-эсен кирип алгандардын катарында турганыбызга абдан кубанычтабыз. 🔹Бул жылы Рамазан айынын алдында абдан катуу оорудум. Улам барган сайын гриппке туруштук берүү деле оорлой берет окшобойбу көрсө. Бардыгыңыздарга ден соолук каалайм. Кудайым оору-сыркоодон алыс кылсын. Ден соолукта болуңуздар. 🔹Урматтуу окурманым, бул ыйык Рамазан айы сиз үчүн болуп көрбөгөндөй сонун болсун. Ар бир кылган ишиңиздин Кудай Таалам берекесин миң эселеп арттырсын. Рамазан айы берекенин айы, тынчтыктын айы, жакшылыктын айы. Рамазан айы айлардын султаны. 🔹Рамазан айында адамдар да ушунчалык жумшак, мээримдүү, сылык болуп кетет эмеспи. Ошол орозонун шарапаты менен жеткен мүнөзүбүз туруктуу болуп бизде калсын. Ушул айда жеткен жакшылыктарыбыз кетпесин. Рамазан айында жеткен жакшы мүнөзүбүз кетпес болуп бизде сиңип жашасын. 🔹 Күндүзү сабыр менен, түндөсү тообо жана дуба менен өткөрүү насип болсун. Рамазандагы ар бир күнүбүз береке, кубаныч жана сооптуу амалдар менен кооздолсун. Ар күнү өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө өзүңүздү өнүктүрүп салым кошуңуз! ✍🏻 Турат Алыбаев – агартуучу, програмчы. Бишкек ш. 1-март, 2025-жыл.

❤️ 3
Link copied to clipboard!