
Алданба!
31 subscribers
About Алданба!
Медиасабаттуу болуу боюнча пайдалуу маалыматтар, кеңештер. Канал ээси "Медиа өнүгүү борбору" коомдук фондусу.
Similar Channels
Swipe to see more
Posts

Кыргызстанда алдамчылыктын жаңы түрү пайда болду – кылмышкерлер электрондук даректерге салык карызы жана ошондой эле салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчилик каралгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүшөт Каттарда болжолдонгон карызды төлөөнү сунуштаган шилтемелер бар. Алдамчылар ар кандай кысым көрсөтүү ыкмаларын колдонуп, жарандарды ойлонбой туруп тез аракеттенүүгө мажбурлашат. Алдамчылардын курмандыгы болуп калбоо үчүн: - Жөнөтүүчүнү текшериңиз. Эгерде сизде жөнөтүүчүдөн күмөн санасаңыз, катты ачпаңыз. - Электрондук каттардагы шилтемелерди басбаңыз. Салык кызматынын расмий билдирүүлөрүндө төлөм жүргүзүү үчүн шилтемелер жок. - Маалыматты салык кызматынын расмий сайтынан текшериңиз. Салык төлөөчүнүн эсеби аркылуу салык милдеттенмелериңиз тууралуу маалыматты текшериңиз. - Тааныш эмес эсептерге акча которбоңуз. Салык кызматы эч качан үчүнчү тараптын платформалары же банк карталары аркылуу карызды дароо төлөөнү талап кылбайт. Бардык төлөмдөр расмий салык кызматтары жана банктар аркылуу жүргүзүлөт.