
"ЭРТЕҢ ДЕБЕ"
February 10, 2025 at 12:39 PM
Бир күн инстаграм баракчама бирөө жазыптыр. Китебиңизди окуп жатам, сиз менен жакындан таанышалы, мен да эки китеп жазып чыгардым сиз менен бөлүшкүм келет деп. Бир дүйнөлүү, бир багыттагы адамдар дароо эле тил табышат эмеспи, оюбуз, максатыбыз бир чыгып эле жакын эже - сиңдилерден болуп калдык. " Кызыма кат","Даяр болбой төрөбө" деген эки китебин белек кылып берип жибериптир. Ар бир тамактын өзүнө катылган сыры, даамы болгондой эле ар бир китеп да өзүнчө аалам. Ар биринен өзүңө пайдалуу азык алып, дүйнөң кеңейип, көзүң, жүрөгүң ачылат. Ошон үчүн эң баалуу белек китеп алып, китеп бергенди жакшы көрөм. Бул " Даяр болбой төрөбө" китебин ар бир келечекте эне боло турган кыздар, жаңы турмуш кураган эжелер, эне боло турган жалпы аял заты сөзсүз окуп, декчесинде тура турган китеп экен.
Баарыныздар эле менин уул- кыздарым ушундай инсандардан болсо деп тилек - максат кылсаңыздар керек. Келечекте уул- кыздарыбыз биринчи байлык ден соолук дегендей, ден соолугу чын, акылдуу, илимдүү, ар тараптан күчтүү, сизге- бизге, элине - жерине кызмат кыла турган мыкты инсандар урпагыбыз болуусу үчүн эмнелерди кылуу керек.. ? - деген суроолорго ушул китептен өзүңүзгө бардык жообун табасыз..
Аял затынын ден соолугу чын болсо, коомубуздун ден соолугу чың болот. Ден соолугу чың коомдун келечеги жарык, күчтүү, илимдүү инсандар менен өлкөбүз өнүгөт. Урматтуу сиңдим Гүлнур Жапарова сизге ишиңизге ийгилик, үй - бүлөңүзгө тынчтык, бекем ыйман, ден соолук, бактылуулук каалаймын. Ушундай аял затына кам көргөн , колдогон , жол көрсөтүп, бактылуу жашоонун эшигине багыт берген көптөгөн китептерди жаза бериңиз...
😊Терең урматым менен эжеңиз Насиба Абдуллаева....
@gulnur.japarova_official
@gulnur.japarova_official
@agay_books
@agay_books
Китеп сатып алуу үчүн:
📲wa.me/505700603
👍
❤️
💖
10