"ЭРТЕҢ ДЕБЕ"
                                
                            
                            
                    
                                
                                
                                February 18, 2025 at 09:31 AM
                               
                            
                        
                            📍“СЕН ЭНЕҢЕ БАКЫРБАДЫҢ БЕЛЕ?”
 
Сезин орундуу “Степ-вагон” автоунаасы менен   Ошко сапар алдык. Машинада баратабыз. Биз менен  жашы кырктан  өтүп калган келин, сексенге жакындап калган апасы экөөсү да бар. Бир аз жүргөн соң, жанагы кемпир кызынан барчу үйдүн кожоюнуна белек үчүн калпак алдыңбы деп сурады. Кызы башын ийкеди. Арадан аз өтпөй кемпир  кызынан аларды мейман кылчу коломтонун кожейкесине көйнөк, оромол алгандыгын билгиси келип, дагы суроо узатты. Апасынын кайра-кайра кыжаалат болгонуна кыжыры келдиби, же нары жагынан өзү ошондойбу, экинчи жолу суроону угаар замат кыз:
 
“ Уфф. Айттымго алганмын. Баарына алганмын!!! Жөн жүрө бериңчи эми кайра-кайра сурай бербей!” деп энесин каттуу кагып салды. Эне байкуш үн катпады. Жанатан бери аны-муну кобурашып кетип жаткан машинадагыларда ушул сөздөн кийин өздөрү менен өздөрү ойлоруна чөмүлүштү. Айдоочу да магинтофонун өчүрүп, үн-сөзсүз жолду арбытты. Ошоко кире бериште гана ортоңку орундукта олтурган орто жаштагы киши, тамагын кырынып төмөнкү окуяны айтып берди.
 
-   Бир күнү Абу Хурайра  раззиялоху анхунун энеси  аны “Ой, Абу Хурайра. Абу Хурайра!” деп чакырып калды. Абу Хурайра “Угуп жатамын!” деп жооп берди. Бирок “Угуп жатмын!” деген сөзү энесинин үнүнөн каттуу чыгып кетти. Аны сезген сахаба дароо истыгфар  айтып. Кудайдан кечирим сурай баштады. Ага да көнүлү чыдабады.  Анан базарга барып бир мынча акчага эки кул сатып алды.  Энесине доошун көтөрүп жооп берген күнөөсүнө тооба келтирүү  ниетинде,  Алла Тааладан чоң үмүт кылып сатып алган эки кулун азаттыкка чыгарды. Эми карындашым катту тийсе кечир. Эсиң болсо азыр эле жогоруда айтылган окуядан эненин көнүлүн калтыруунун  күнөөсү канчалык оор экенин түшүнөрсүң. -деп бүткөн соң, аялдамда  түшүп калды.
 
Биз сапарыбызды уланттык. Мээмди “Сен, энеңе бакырбадың беле?” деген ойлор кажып  баратты...
 
Оо, Раббым. Келе жаткан  кечирими төгүлгөн Рамазан айынын урматына ата - энебизди капа кылсак кечирип, Рамазан айына жетип, көп - көп кызмат кылууну насип кыл, омиин!
 
👤Нуркамил Абдуллаев
https://chat.whatsapp.com/Fu5UTiKC3lkEgnrcuBIvMP
                        
                    
                    
                    
                    
                    
                                    
                                        
                                            👍
                                        
                                    
                                        
                                            😢
                                        
                                    
                                        
                                            🤲
                                        
                                    
                                    
                                        8