
"ЭРТЕҢ ДЕБЕ"
February 23, 2025 at 08:33 AM
✨РАМАЗАН, МЕН СЕНИ САГЫНДЫМ.
✍🏻Жаз айы жаңы тирүүлүктүн, жаңылануунун, жаңы кадамдын, жаңы үмүттүн башаты эмеспи. Дыйкан жерге асыл үрөнүн сээп, кандай эмгек кылса ошого жараша түшүмүн алат. Ошол сыңары, биз адамзат да бул дүйнөнүн убактылуу дыйканыбыз. Жаз айын жарыкка бөлөгөн, акыретибиздин кампасын толтура турган айлардын султаны, берекелүүсү, момундар үчүн түшүмдүү болгон, Рамазан айынын босогосунда турабыз, ин шаа Аллах!
💫Ар жылы Рамазан айы, "мусулманмын " - деп жүрөгү соккондорго үмүт ойготот. Ал үмүт ач калган рухубузга азык берип, ыйманыбызга күч - кубат, кир баскан ички дүйнөбүздү, бир жылдык билип - билбей кылган күнөөлөрдөн тазалануу үмүтүдүр. Бул айдын улуулугун, жамгырдай жааган тамчысында чеги жок түгөнбөгөн берекесин, сөз менен айтып, калемим менен жазып жеткирүүгө алсызмын. Анткени орозону Аллах үчүн кармайбыз. Аллах үчүн кылынган амалдын сообун бир гана Аллах Өзү билет. Орозо Аллах менен пенденин оротосундагы катылган сыр болгондуктан, Раббысы пендесинин ниетине, ыкласына, аракетине жараша чеги жок жакшылыгы менен сыйга бөлөйт. Демек, чындыгында Рамазан чыдамсыздык менен сүйүнүп күтүп ала турган куттуу ай! Инсан ниет менен насиптин арасындагы сызыкта жашайт. Бул ай кимдерге насип кылат, кимдерге насип кылбайт, кимдер жетет, кимдер жетпейт бир Жараткан билет. Ошон үчүн ниетибизди азыртан бекемдеп, Рамазан айына жетүүнү Жараткандан сурап дуба кылалы.
🤗Рамазан, мен сени сагындым! Жаратканым сага жетип, берекелүү нуруңдан суугарылууну насип кылсын!
اللّهُمّ بلّغنا رمضان
"Аллахумма баллигнаа ромадоон ".
Котормосу: "Оо, Аллах! Бизди Рамазан айына жеткир! "..
🧕🏻Автор: Насиба Абдуллаева.
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
🤲
❤️
👍
🔥
5