"ЭРТЕҢ ДЕБЕ"
"ЭРТЕҢ ДЕБЕ"
February 28, 2025 at 04:54 AM
😊РАМАЗАН КОНОГУ КЕЛЕ ЖАТАТ! Аллахка шүгүрлөр болсун, мына - мына эшик каккылап, момундар үчүн өз берекесин төккөнү, ырахматын жаадырганы, биз чыдамсыздык менен күтүп жаткан айлардын султаны болгон Рамазан коногу келе жатат. Сыры, сыйлыгы катылган улуук айдын босогосунда турабыз ин ша Аллах! "Мага эшигин ачып, даярданып, сагынып, жакшылыгымдан үмүт кылып, жолума карап күтүп ала тургандар барбы?! "- деп чакырып келе жатат! Ооба, ушундай касиети улук, сыйлуу конок. Аты айтып тургандай он  бир айлык күнөөлөрдү болгону бир айда күйгүзүп, күл кылып жок кыла турган, он бир айда аткарган амалдардын сообун бир айда бергени касиеттүү, улуу, берекелүү Рамазан коногу  келе жатат! Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы - саламы болсун) айтты: "Эң бечара банкрот адам рамазан айынын касиеттүүлүгүн угуп, окуп, билип туруп, ар кандай шылтоо менен өзүн алдап, кайдыгерлик менен өткөзүп, текке кетирген адам. Натыйжада күнөөсү кечирилбей, сообунан кур калгандар " - деди. Демек, урматтуу бир тууганым! Бүл мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан  Рамазан коногун татыктуу тосуп, Аллахтын сүйүктүү пендеринин катарына кошулуу үчүн аракет кылалы! 🤲Келе жаткан Рамазан айыңыздар арапа, жума  күнүңүздөр куттуу болсун! 🧕Насиба Абдуллаева https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
❤️ 🤲 👍 11

Comments