"ЭРТЕҢ ДЕБЕ"
February 28, 2025 at 07:58 AM
🌹РАМАЗАН ГҮЛҮ..
😊Рамазан - бул бир гана момундардын бакчасында бир жылда бир жолу гүлдөй турган өзгөчө гүл...
🤔Бул гүл кандай гүл болду экен дейсизби, анда, көңүл буруңуз:
Биз бул айда орозо деген гүлдү олтургузуп, гүлдөтүү керекпиз деп элестетиңиз. Ал гүл Бейиш гүлү. Эч жакта жок, бир гана мусулмандар үчүн берилген. Ал гүлдү орозо кармагандар гана өстүрө алат. Бул гүлдүн өзгөчүлүгү: тамыры ыклас менен ыймандан бекемделген, сөңгөгү адеп - ахлактан турат. Анын жалбырактары биз канча амал кылсак, ошого карап көбөйүп, жалбырак чыгарат. Ар бир жалбырак-биздин тарткан зикирлерибиз, айткан салаваттарыбыз, окуган намазыбыз, кураныбыз, дос-тууганга, ата-энеге берген жардамыбыз. Кечиримдүүлүк менен ырайымга, боорукерлик менен мээримге толгон жүрөгүбүз, кабыл болгон ба-ардык жакшы иштерибиз. ..
☝🏻Гүлүбүздү кургата турган бир курт бар, ал – биздин напсибиз, күнөөлөрдөн өзүбүздү тыйсак, ошондо андан сактана алабыз…
📍Анын дарысы- сабырыбыз.
Аны эрте - кеч ооз ачып, жапкандагы дуба -тилек, ниеттерибиз менен суугарабыз...
😊Мына ушундай, биздин орозо гүлүбүздүн гүлдөтүүнүн сыры. Эми аны кууратпай түбөлүк акыретиңизге бүчүр алдыртып гүлдөтү өзүңүзгө байланыштуу...
🤲Аллахым баарыбыздын ыйык, берекелүү орозо гүлүбүздү соолутпай, гүлдөшүнө күч - кубат берсин жана насип этсин!
🤲Келе жаткан Рамазан айыңыздар арапа, жума күнүңүздөр куттуу болсун!
🧕 Насиба Абдуллаева.
https://t.me/ilimnurusabakta
❤️
🤲
💋
💖
🙏
22