
"ЭРТЕҢ ДЕБЕ"
March 1, 2025 at 02:33 PM
💫ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН
🧕Кооз тарбия жана илимдүү аял
Бир мечиттин имамы айтат:
Бир күнү алдыма Курандан таалим алабыз деп, жаш бала келди. Жашы болжол менен 8-9 жашта. Балага бир аз көз чаптырган соң, аларга суроо узаттым:
Тамга билесиңерби?
- Ооба.
«Фатиха» сүрөсүн ачып бердим, токтоосуз окуп берди. «Таборак» сүрөсүн сурадым. Ишенесизби, анын кыраатына, тилаватына таң калдым. Дагы бир кыраатын угууну каалап андан «Нахл» сүрөсүн сурадым. Карасам аны да жатка билет экен. Таң калган абалда, экзамен алгандай болуп, улуусунан «Ясин» сүрөсүн сурадым. Ал «Ясин» сүре сүн окуп баштады. Алар сүрөлөрдү ушунчалык уккулуктуу жана тунук окуп берди, чынында шок болдум, суктандым. «Ясин» сүрөсүн айтып берген соң:
Куранды жаттан билесиңерби? - деп сурадым. Сиз башын айтып берсеңиз, калганын айтып бере алабыз - деп жооп беришти.
Эртеси аталарын ээрчитип келүүсүн буюрдум. Ушун дай тарбиялуу, акылдуу перзеттердин атасы ким экенин билгим келди.
Ушул жашында уулдарына Куранды кооз кыраат менен жаттатып койгон атаны көргүм келди.
Эртеси балдар атасы менен келди. Мындан бир күн мурда балдардын илимине таң калган болсом, атасын көрүп дагы да таң калдым. Жакындан тааныштык, барлаштык. Сүннет карманбаган, заманбап кыска шорт кийинген ата экен. Менин таң калганымды көрүп:
- Менин ушундай перзенттин атасы экендигиме ишенбей турасызбы? деди.
- Ооба, ким үйрөттү?- дедим шок абалда.
Шейх, 3 перзенти бар экенин, баары Куранды жатка билишерин айтып сөзүн улады:
- Эн кичүү кызым кээде эстей албаганы болбосо, бардык сүрөнү сизге кошулуп аягына чейин айтып берет. Бул балдардын артында жүз устаздын ордун баскан жана бир коомду тарбиялай алган бир инсан бар. Негизи балдарымдын илими жана тарбиясына ата болуп мен алектенишим керек эле. Бирок жумуш, тиричилик деп, балдарыма көп убакыт бөлө албаймын. Аллах андан ыраазы болсун, мунун баары жубайымдын эмгеги - деди.
Жубайы медреседе окуп, кызыл күбөлүк менен аяктаганын, перзенттеринин тили чыккандан баштап Куран жаттатканды баштарын жана перзенттерин мактап, аларды эркелетип, сылык сөздөр менен колдоо көрсөтөрүн айтты. Албетте мен кандай ыкма колдонорун сурадым. Ал:
Балдарыбыздын кайсыл бири биринчи жаттаса, кечки тамакта эмне жейбиз ал тандайт. Кимиси биринчи такрор кылса, дем алуу күндөрү кайда барарыбызды ошол тандайт. Ал эми биринчи болуп парасын бүтүрсө, эс алуу күнүбүздү кай жерде өткөрөрүбүздү тандайт. Мына ушинтип жубайым Куран жаттоодо алар арасында мелдеш уюштуруп, кызыгуусун арттырып, рухунаний сезимдерин тарбиялап келет. Устаз кармансын деп сизге жибериптир - деди.Бул окуяны укканда: «Кандай гана кооз тарбия, канлай гана акылдуу, илимдүү аял» деп суктанган бойдон калдым.
Сөзүнүн аягында балдардын атасы:
- Бойдок кезимде балдарым «хафиз» болуусун кыялданчу элем. Азыр болсо, «хафиз» балдардын атасы болууну эле эмес, «хафиз» атасы болууну кыялданып жүрөм.
Бизге устаздык кылыңыз деп айтты.
Бул окуядан көп үлгү алса болот:
1. Бала тарбиялоодо,
2. Үй-бүлө маселесинде,
3. Турмуш куруу алдындагы жигит-кыздар үлгү алса болот.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Ар бир жарыкчылыкка келген наристе, жалгыз жаратканга болгон табигый, таза ишеними менен төрөлөт, бирок алардын ата-энелери кээ бирлерин отко сыйынуучу же ача таяка чокунуучу же жөөттөрдөн кылып коет» деген..
"Дилимдеги" китебинен даярдалды.
Орозоңуздар кабыл болсун!
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
❤️
👍
♥️
9