Таасирдүү сөздөр 🍃
Таасирдүү сөздөр 🍃
February 19, 2025 at 12:58 AM
*УРУШПАГЫЛАЧЫ* Үйдөгү күнүгө болуп жаткан бакырышуу кыйкырыктар, төрт жашар байкуш баланын жүрөгүн безилдетип койгон эле. Атасынын «энеңдин...» - деп сөгүштөрү, апасынын болсо бир сөздөн калбай теңме-тең кайым айтышуулары ар күнү кайталанат эле. Табак, чынылар бүгүн дагы учту. -Колуң сынгыр алкаш! Бирими эки кылып койгонсуп кеселерди эмнеге сындырасың?! Мага күчүң жетпей, жансыз нерселерден ачууңду чыгарып жатасыңбы?! - деди аял шаңкылдап. -Бир жериң көгөрсө, милицияканага чуркайсыңда а, акмак? -Өзүң акмаксың! -Өчүр оозуңду, үнүңдү өчүр! -Тилим кысык жайы жок сенден! Өзүң өчүр үнүңдү! Бурчта ыйлап калтырап турган балакай акырын шыбырады: -Урушпагылачы... Бирок байкуш баланын жүрөктөн чыккан бул сөзү, ата-энесинин адепсиз сөгүнүштөрүнүн ичине угулар-угулбас кайып болду. Алар балага көңүл бурбай, жаңжалдаша беришти. Бала жай ордунан туруп, короого чыкты. Кыштын суугу баланын денесин чыйрыктырды. Кичинекей пальтосун кийип чыкканга жүрөгү батынбады. Суук болсо да, короо ал үчүн тынч эле. Бала үшүп кетти. Эшиктин алдындагы өтүгүн кийип, койкана тарапка бет алды. Кыштын акыркы убактарында койлор туушту баштайт. Түнкүсүн койлор тууса, суукта калбастыктары үчүн атасы койкананын жанына чакан там курган эле. Козуларды кургатып, ысытуу үчүн меш курулган эле ошол тамга. Бала ошол тамга кирди. Ал жер деле ата-энесинин сөздөрү сыяктуу суук эле. Бала кичинекей колдору менен мештин жанындагы отундарды мешке салды. Кагаз таап отундардын арасына тыгып койду да, ширеңке чагып күйгүздү. Бирок кагаз күйүп бүттү, отундар болсо күйбөдү. Мештин жанында идиште турган суюктукту атасы отунга чачып күйгүзөт эле. Бала дагы ошондой кылмакчы болду. Желим идиштеги солярка эмес, газ баллондон төгүлгөн газ суюктугу экенин кайдан билсин байкуш бала? Оттун тезирээк күйүшүн каалап, үшүгөн байкуш бала отундун үстүнө көбүрөөк чачып, желим идиштин оозун жаппастан мештин жанына коюп ширеңке чакты. Эрди катындын көзү терезе тараптан күйүп жаткан тамга түштү. Ошол тарапка чуркап жөнөштү. Өрттү өчүрүүгө кошуналары дагы келишти. Ичкериге киришти. Байкуш бала күйүп жерде жатат эле. Атасы кыйкырып, уулун колуна алганда, акыркы сөзүн айтты: -УРУШПАГЫЛАЧЫ... ~ "Бизге сажда жарашат" китебинен
😢 😭 💔 🙏 14

Comments