Таасирдүү сөздөр 🍃
June 4, 2025 at 04:53 PM
🔴 ЭРТЕҢ УЛУУ АРАФАТ КҮНҮ
Кечээ эле башталган Зулхижжа айынын баштапкы улуу он күнү да бүтөөрүнө аз калды. Бул күндөрү жакшылыктарды кылууга жанталашкан адам акыретте эң улуу сооп-сыйлыктарга жетээринде эч кандай шек жок. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланган адам пайдаланып калды, пайдаланбаганы көптөгөн жакшылыктардан жана сооп-сыйлыктардан куру калды.
Дагы да болсо Аллахтын пенделерине болгон ырайымы чексиз. Пенделери көптөгөн сооп-сыйлыктарга жетүүлөрү үчүн аларга Зулхижжанын он күнүн тартуулады. Муну менен эле чектелбестен, ошол он күндүн ичинде дагы бир улуу күндү белгиледи. Ал күн – албетте, Арафат күнү. Ал күндүн да келээрине саналуу гана күн калды.
Арафат күнү – жыл ичиндеги улуу күндөрдүн бири жана анын артыкчылыктары да өтө көп. Аллах Таала ыйык Куранда Арафат күнү менен ант берген жана бул күндү башка күндөрдөн өзгөчөлөп улуктаган. Мына ушул күнү пенделеринин күнөөлөрүн кечирип, Тозоктон куткарам деп убада кылган. Жеке эле кечиримди убада кылбастан, аларга ырайым тартуулап, алардын кылган дубаларын, сураган ой-тилектерин кабыл кылам деп убада берген. Бул күнү ким орозо туткан болсо, ошол адамдын эки жылдык күнөөлөрү кечирилет деп айтылган.
Арафат күнү – тозок азабынан кутулуунун жана күнөөлөр кечирилген күн. Ошондой эле Аллахтын каргышына калган Иблис кирерге жер таппай кордоло турган күн. Мына ушул күнү Аллах Таала Ислам динин толуктаган, пенделерине Өз нээматын толук берген жана Исламды дин катары тутунууга Өзү ыраазы болгон.
Арафат күнү – Аллах Таала бүткүл адамзаттан жалгыз Ага гана сыйынууга убадаларын алган күн. Бул күн – теңдиктин күнү. Анткени жер бетинин ар тарабынан ажылык кылууга чогулган адамдар, өң-түсүнө, байлык-бийлигине карабай, баарысы бирдей ихрам кийип, Арафат тоосунда Аллахка сыйынышат, Аны улукташат жана Ага гана жалбарып дуба кылышат.
Мусулман бир тууган! Ушундай улуу күндөгү жакшылыктардан өзүңүздү куру калтырбаңыз. Бул күнү сөзсүз орозо тутуңуз, Аллахтан дуба кылып каалаган ой-тилегиңизди сураңыз, Аны зикир кылыңыз, Куран окуңуз, колуңуздан келген жакшылыктарды кылууга аракет жасаңыз.
⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:
Быйыл 2025-жылы Арафат күнү 5-июнга туш келет.
👍
❤️
🤲
😂
🙏
🥹
24