
"ЭРТЕҢ ДЕБЕ"
June 2, 2025 at 04:45 AM
🥹“Өзүңө кел дебе, Өзүмө кел де, Раббым!”
Адам баласы бул дүйнөдө түрдүү тагдырлар менен жашайт — кубаныч менен кайгынын ортосунда, үмүт менен түйшүктүн айкашкан жеринде. Кээде өзүбүздү жоготуп, “эмне үчүн жашап жатам?”, “кимге кайрылам, мени ким түшүнөт?”, “эмне үмүтүм калды?” деген суроолордун жообун издейбиз. Ошондой учурларда көпчүлүк “өзүңө кел” деп кеңеш берет. Бирок кээде өзүбүздү өзүбүз табууга күчүбүз жетпейт. Жүрөгүбүзгө чыныгы тынчтык берүүчү жалгыз күч – бул Алла Тааланын мээрими.
“Өзүңө кел* дебе, "Өзүмө кел де, Раббым!” — бул сөздө үмүт бар, моюн сунуу бар, чыныгы сүйүү жана кайрылуу бар. Анткени жүрөккө тынчтык өзүбүздөн эмес, Жараткандан гана келет. Өз күчүбүз менен бардык көйгөйдү чече албайбыз. Бирок Аллага кайрылганда, Ал Өзү жол көрсөтөт, жаныңды тынчтандырат, көңүлүңө үмүт берет.
Ар бир адамдын жүрөгүндө бир боштук бар. Бул боштукту байлык, атак, адамдар же дүйнөлүк кубанычтар толуктай албайт. Аны толтурган жалгыз күч – бул Раббым менен болгон байланыш. Ошондуктан өзүн тапкысы келген адам, биринчи Раббысын тапсын. Раббысын тапкан адам гана өзүн табат.
📖 Алла Таала Куранда мындай дейт:
“Чындыгында, жүрөктөр Алланын эскерүүсү менен гана тынчтык табат.”
(Раʻд сүрөөсү, 28-аят)
"Ас Салааму- Тынчтык, бейпилдик берүүчү" Эгем менин! Ким экенимди унутуп, өзүмдү жоготуп, жаным жай албай адашып, Өзүңө келдим! Сени тапкан жолумдан, Сен деп соккон жүрөгүмдөн, Сени тааныган акылымдан адаштырба. Хидаят нуруңду жолума түбөлүктүү өчпөс кыл!
🧕Автор: Насиба Абдуллаева
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
❤️
🤲
👍
❤
❤🔥
🙏
73