"ЭРТЕҢ ДЕБЕ"
"ЭРТЕҢ ДЕБЕ"
June 10, 2025 at 01:54 PM
Арабтар өз макалында мындай дешет: "Туз бузулса аны ким оңдойт?" Бир күнү бир бедуин өз уруусунан чыккан, жакшы мүнөздүү, тарбиялуу, ыкластуу, динге бекем кызга үйлөнөт. Үйлөнгөнүнө бир жыл болгондо, күйөөсү менен анын бир тууган агасынын уулу арасында чоң жаңжал чыгып, акыры ошол тууганы өлтүрүлөт. Уруу салты боюнча, мындай кырдаалда күйөө жери-жерине батпай калып, уруусунун аймагынан чыгып кетүүгө аргасыз болот. Ал жубайын ээрчитип, башка урууга көчүп кетет. Ал жаңы урууда, бедуин жигит ошол элдин урматына ээ болгон аксакалдын кеңешине көп катыша баштайт. Бул кеңеште уруунун эркектери жыйын куруп, сүйлөшүп, маселелерин талкуулап турушчу. Бир күнү аксакал ошол жигиттин үйүнүн жанынан өтүп баратса, аялын кокусунан көрүп калат. Аялдын сулуулугуна таң калып, жүрөгүн жана акылын арбап алат. Ошондо анын акылына шайтан ой келет: күйөөсүн үйдөн узакка жиберип, өзү аял менен жалгыз калуу. Ошол эле күнү аксакал кеңешке келип, күйөөсү да ал жерде отурган кезде мындай дейт: – Жакын жерлерде жаз келгени айтылып жатат, ошол жерлерди көрүп келүүгө төрт адам жибергим келип жатат. Ошондо ал төрт кишини тандайт, алардын арасында аялдын күйөөсү да болот. Ал жерге барып кайтуу үч күндүк жол эле. Ошол түнү, эл уктап, тынчтык орногондо, аксакал аялдын үйүнө келе баштайт. Үйгө жакындап калган кезде бир түркүккө урунат да, үн чыгып кетип, аял ойгонот. Аял коркуп сурайт: – Ким бар үйдө? Аксакал жооп берет: – Мен – бул уруунун аксакалымын, силер конуп жаткан уруунун. Аял: – Жакшы келдиңизби. Түн ичинде эмне болуп кетти? Эмнеге келдиңиз? Аксакал: – Сени биринчи жолу көргөндөн бери сулуулугуң акылымды алды. Жүрөгүм сага байланды. Сенин жаныңда болгум келет. Аял болсо тынч жана ишенимдүү үн менен мындай дейт: – Каршы эмесмин. Бирок бир шарт коём: сизге бир табышмак берем. Эгер табышмакты чече алсаңыз, айткан каалооңузду аткарам. Аксакал кубанып: – Эмне шарт койсоң да макулмун, – дейт. Аял мындай дейт: – “Эт бузулуп кетпесин деп туз чачышат. А туз бузулса, аны ким оңдойт?” Андан соң кошумчалайт: – Кааласаңыз, башкалардан да кеңеш ала бериңиз. Эгер жооп таап келсеңиз, айтканыңыз болот. Аксакал үйүнө кайтып, таң аткыча тынч уктай албай, ойлонуп чыгат. Бирок жооп таба албайт. Эртеси кеңешке келип, эл алдында үнүн көтөрүп сурайт: – “Этти бузулбасын деп туздашат. Бирок туз бузулса, аны ким оңдойт?” Анда отурган ар ким өз билген жообун айтып чыгат. Бирок аксакал алардын бирине да макул болбойт. Кеңеште бир акылман, билимдүү, динге жакын, терең түшүнүгү бар адам отурат, бирок эч нерсе дебейт. Адамдар тарагандан кийин, ошол акылман ордунда кала берет. Аксакал ага ачууланып : – Сен эмнеге жооп берген жоксуң? - дейт. Акылман тынч үн менен мындай дейт: – Мен сага өзүнчө айтып берейин дедим. Бул табышмак – атактуу аалым Суфьян ас-Сауринин ыр сабы: "О, илимдүү эркектер, силер элдин тузусуңар – Туз бузулса, ким оңдойт тузду, туз өзүңүздөр?" Менин түшүнүгүм боюнча – сен ыймандуу, таза, тарбиялуу аялга напсиң менен келипсиң. Аял болсо сени уят кылбай, аброюңду түшүрбөй, сени токтотууну ойлогон. Ошондуктан ушундай табышмак менен жооп кайтарды. Аял сага мындай демекчи болду: уруудагы эркектер туз сыяктуу. Эгер алар бузулса, аксакал оңдошу керек. Бирок аксакалдын өзү бузулса, аны ким оңдойт? Сен башкаларга үлгү болушуң керек эле. Эгер жетекчи бузулса, артынан ээрчиген эл да адашат. А аялдын кылганы алсыздык эмес – бул акылдуулук, ак ниеттик жана ар-намысты сактоо. Бул сөздөрдү укканда, аксакалдын жүрөгү титиреп, кылганына өкүнүп, уялган бойдон акылманга мындай дейт: – Сен чындыкты так айттың. Бул ишимди купуя карма, Аллах сени дүйнөдө да, акыретте да сактасын . Сабак: Акылмандар менен отуруп, наадандардан алыс бол. Анткени акылман - аалымдардын сөзү чоң таасир берет – бир акылдуу адамдын бир сөзү миң шайтандын жолун буушу мүмкүн.
👍 ❤️ 🙏 👏 😮 🤲 😂 😢 201

Comments