Azattyk WhatsApp Channel

Azattyk

216.7K subscribers

Verified Channel

About Azattyk

"Азаттык" радиосу - элдин жана эркиндиктин үнү. www.azattyk.org

Similar Channels

Swipe to see more

Posts

Azattyk
Azattyk
6/20/2025, 1:35:58 PM

*Жаңылыктар | 20.06.2025 | Иран АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартты* 📌 АКШ Иранга каршы сокку уруу же согушка аралашпоо чечимин эки апта ичинде кабыл алат. Иран болсо Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүдөн баш тартты. 📌 Ал тапта Орусия Украинанын Одесса шаарына дрондон чабуул жасады. Бир нече имараттар, темир жол вокзалы зыян тартты. 📌 Бишкекте соңку эки жылдын ичинде эле турак-жайдын баасы 30 пайызга кымбаттады. Курулуш министрлиги муну борбордо жер тилкелеринин азайышы жана курулуш материалдарынын кымбаттаганы менен байланыштырууда. https://www.youtube.com/watch?v=9Js5LeiCubU

👍 😢 😮 💩 🇵🇸 😂 ❤️ 🙏 37
Azattyk
Azattyk
6/19/2025, 4:05:24 AM

Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты *Кенжебек Бокоевди* 18-июнда үй камагына чыгарды. Мындай өтүнүчтү Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү келтирген. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. 9-июнда Талас облустук милициясы Бокоевди Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган. Шаардык сот Бокоевдин бөгөт чарасын карап, 9-июлга чейин камакка алган. https://smarturl.click/vdYE5

👍 😂 😢 ❤️ 💩 🇦🇿 👏 😮 😱 25
Azattyk
Azattyk
6/22/2025, 4:15:54 AM

АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордо, Натанз жана Исфаханга сокку урганын Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирди. “Бомбалардын толук топтому негизги объект – Фордого ташталды”, - деп Трамп Truth Social баракчасына жазды. Axios басылмасы булактарына таянып жазгандай, АКШ Иранга сокку урууга камынып жатканын Израилге алдын ала билдирген. Израилдик жогорку кызмат адамы басылмага бул соккулар үчүн B-2 бомбалоочу учактары колдонулганын айткан. https://www.azattyk.org/a/33450585.html

😡 😢 🤬 😮 🇰🇬 😂 🇵🇸 💩 😤 🙏 90
Azattyk
Azattyk
6/21/2025, 8:10:41 AM

Бишкекте соңку эки жылдын ичинде эле турак жайдын баасы 30 пайызга өстү. Курулуш министрлиги борбор калаадагы үйлөрдүн кымбатташын жер тилкелеринин азайышы жана курулуш материалдардын баасынын жогорулашы менен байланыштырууда. Жогорку Кеңеште кыймылсыз мүлктүн баасынын айынан Бишкек эң кымбат шаарлардын катарына киргени да айтылды. https://www.azattyk.org/a/33450018.html

👎 😢 😂 😮 👍 🇵🇸 🍌 👌 🕊 🖕 52
Azattyk
Azattyk
6/19/2025, 1:32:08 PM

*Жаңылыктар | 19.06.2025 | “1-класстагы жээнимди зордукташкан”* 📌 Иран менен Израилдин жаңжалы курчуп жатат. Ирандын ракета соккусунан Беэр-Шевдеги оорукана жабыркады. Израилдин авиациясы болсо Ирандын өзөктүк ишканаларына сокку урганын билдирди. 📌 Бишкектин четиндеги айылда 1-класстын окуучусун үч өспүрүм зордуктап жүргөнүн баланын жакындары айтып чыкты. Милиция шектүү катары 16 жаштагы өспүрүмдү кармады. 📌 Бишкектеги электрдин жапырт өчүшүнүн себеби айтылды. Энергетика министрлиги чочулоого себеп жок деп ишендирүүдө. https://www.youtube.com/watch?v=8N6MKyEbgO4&t=1021s

😢 😮 👍 😡 🙏 💩 😂 🤮 🫨 42
Azattyk
Azattyk
6/21/2025, 12:41:04 PM

АКШ Кыргызстанды миграциялык чектөөлөр салынган өлкөлөрдүн катарына киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу өткөн аптада америкалык The Washington Post басылмасы Мамлекеттик департаменттин ички каттарына таянып жазып чыккан. Бул маалымат жарыяланган соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттар менен бул жагдайды тактап жатканын билдирүүдө. Бирок кыргыз дипломатиялык мекемеси АКШда виза талабын бузган кыргыз жарандары көбөйгөнүн билдирип, мыйзамды так сактоого чакырды. АКШнын соңку ыктымал чечимдери эмнеге байланыштуу? Эми кыргыз жарандарынын виза алуу мүмкүнчүлүгү канчалык чектелиши мүмкүн? «Азаттык» бул маселе боюнча АКШдагы кыргызстандык юрист Айзада Марат кызы менен маектешти. https://www.youtube.com/watch?v=dJ4Mi-5ok0U&t=10s

👍 😢 ❤️ 🤦‍♀ 🖕 🤣 🥹 😮 🥸 39
Azattyk
Azattyk
6/20/2025, 1:34:50 PM

Түркмөнстан быйыл Иран аркылуу Түркия менен Иракка газ сата баштаган. Иран менен Израилдин жаңжалы коңшу өлкөнүн бул багыттагы экспортуна кандай таасир этет? "Азатлык" радиосу Британиянын Methinks консалтинг компаниясынын энергетикалык коопсуздук боюнча эксперти Жон Робертс менен маектешти. Түркмөнстан быйыл февралда Түркия менен газ боюнча келишимге кол койгон. Мамлекеттик "Туркменгаз" менен BOTAŞ компанияларынын ортосундагы келишим 1-марттан тартып күчүнө кирген. Ал келишимге ылайык, Иран аркылуу жылына 1,3 миллиард куб метр газ жеткирилиш керек. https://smarturl.click/qBbaV

🤲 👍 💩 🙏 5
Azattyk
Azattyk
6/19/2025, 10:04:11 AM

Алдын ала маалыматка ылайык, 220 киловатт чыңалуудагы Кара-Балта жана Главное зымдарынын өчүп калганынан улам борбор калаа жарыксыз калган. https://smarturl.click/VRvjQ

😂 👍 😢 ❤️ 🇦🇿 😮 🙏 12
Azattyk
Azattyk
6/16/2025, 3:00:10 PM

*Жаңылыктар | 16.06.2025 | АКШ кыргыз жарандарына чектөө коёбу?* Иран менен Израил бири-бирин аткылоону улантууда. АКШнын президенти *Дональд Трамп* эки өлкөнү тынчтык келишимин түзүүгө чакырды. Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлары кабарланды. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын элчилигинин консулун чакыра турганын билдирди. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети өкмөт сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун бир нече өзгөрүүлөр менен дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. https://www.youtube.com/watch?v=lIv1IjygVFo

😢 😮 👍 ❤️ 👎 🖕 😂 👏 🏳️‍⚧️ 33
Azattyk
Azattyk
6/17/2025, 10:28:05 AM

Шейшембиде Израилдин армиясы Ирандын куралдуу күчтөрүнүн жаңы кол башчысы жок кылынганын билдирди. Ага чейинки командачы 13-июндагы соккудан улам каза болгон. Чабуулдар тынчыбай жаткан чакта Израил Тегерандагы аскердик жай бутага алынарын эскерткенден кийин ирандыктар өлкөнүн түндүк тарабына кете баштады. Көп узабай Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы жайгашкан имарат түз эфир учурунда соккуга кабылган. Эки өлкөдө тең карапайым кишилер жабыркаганы менен сөз эркиндиги катуу чектелген Ислам жумуриятындагы жайкын тургундар дуушар болгон кыйынчылыктар тууралуу көп маалымат чыкпайт. https://smarturl.click/ReYd8

😢 👍 😂 🇵🇸 🙏 😭 😥 😮 ❤️ 🤲 89
Link copied to clipboard!