
Azattyk
June 17, 2025 at 10:28 AM
Шейшембиде Израилдин армиясы Ирандын куралдуу күчтөрүнүн жаңы кол башчысы жок кылынганын билдирди. Ага чейинки командачы 13-июндагы соккудан улам каза болгон.
Чабуулдар тынчыбай жаткан чакта Израил Тегерандагы аскердик жай бутага алынарын эскерткенден кийин ирандыктар өлкөнүн түндүк тарабына кете баштады.
Көп узабай Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы жайгашкан имарат түз эфир учурунда соккуга кабылган. Эки өлкөдө тең карапайым кишилер жабыркаганы менен сөз эркиндиги катуу чектелген Ислам жумуриятындагы жайкын тургундар дуушар болгон кыйынчылыктар тууралуу көп маалымат чыкпайт. https://smarturl.click/ReYd8
😢
👍
😂
🇵🇸
🙏
😭
😥
😮
❤️
🤲
89