
Azattyk
January 21, 2025 at 11:07 AM
*ТРАМП CBP ONE МИГРАЦИЯЛЫК ТИРКЕМЕСИНЕ ТЫЮУ САЛДЫ*
АКШнын президенти Дональд Трамптын президенттик ишинин алгачкы саатында эле саясий башпаанек сурагандар үчүн эң маанилүү болгон CBP ONE тиркемесинин иштөөсү токтотулду.
CBP ONE тиркемеси акыркы жылдары Мексика аркылуу АКШга сапар тарткан борбор азиялыктар үчүн да мыйзамдуу кирүүнүн негизги жолуна айланган. Америка кыялына жетеленген мигранттардын көпчүлүгү өз өлкөрүндө болгон оокат-ашын сатып, кооптуу жолдорду кесип өтүп, Мексикада картелге жем болуп, шылуундарга алданып, оголо көп каражаттарын сарптаса да, Америкага мыйзамдуу кирүү үчүн дал ушул тиркемени колдонушчу.
👍
😢
😮
🇰🇬
😂
❤️
🖕
➕
🇵🇸
👌
58