Azattyk

Azattyk

215.1K subscribers

Verified Channel
Azattyk
Azattyk
January 28, 2025 at 05:59 AM
Орусиядагы кыргызстандыктардын саны бир жылдын ичинде эле 650 миңден 350 миңге чейин азайып кетти. Бирок бул өлкөдөн түшкөн акча көбөйдү. Себеби эмнеде? Мигранттардын кирешеси көбөйдүбү? Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы Орусияда 650 миң кыргыз жараны жашап, иштеп жаткан. Ал жылы Кыргызстанга 2 млрд 531 млн доллар которулган. 2024-жылы Орусиядагы кыргызстандыктардын саны дээрлик эки эсе кыскарып, 350 миңге чейин азайып кетти. Бирок январь-ноябрь айларында 2 млрд 565 млн доллар келип түшкөн. Буга декабрдын статистикасы менен дагы 200 млн доллардай кошулушу керек. *Толук окуңуз* 👉🏻 https://smarturl.click/w9yqb
👍 😂 😢 ❤️ 😮 🇵🇸 😅 🙏 ☹️ 🍌 69

Comments