Azattyk

Azattyk

215.1K subscribers

Verified Channel
Azattyk
Azattyk
February 13, 2025 at 06:58 AM
MCN coin иши боюнча Финкөзөмөлдүн мурдагы башчысы Тойчубеков камалды MCN coin криптоактиви ишине байланыштуу Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-февралга караган түнү чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген. Юруслан Тойчубековго Кылмыш-жаза кодексинин “Финансы пирамидаларын уюштуруу” беренеси менен айып тагылды. Юруслан Тойчубеков 2015-жылы Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигин жетектеп турганда “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн сом салык түшпөй калган деп айыпталган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага өлкө ичинде, андан кийин эл аралык издөө жарыялаган. Ал 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанга кайтып келип, 2022-жылы ага козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негиз менен кыскартылган. https://www.azattyk.org/a/33313116.html
👍 🇰🇬 ❤️ 😮 🇵🇸 😂 🙏 22

Comments