
Azattyk
February 22, 2025 at 07:58 AM
‼️ Орусиянын маалымат булактары соттолгон баланын аты-жөнү *Абдинасир уулу Бекзат,* жашы 30да экенин, ал "Крокус Сити Холлдогу" окуя тууралуу мыйзамга каршы келген пикир калтырганын жазышты.
"Азаттык" Бекзаттын атасы менен байланышып, ал 30 эмес, 21 жашта экенин, Ноокат районунун Таш-Короо айылында мектепти бүтүп, 2022-жылы Москвага барганын, ошондон бери курулуш тармагында электр монтажер болуп иштеп жүргөнүн билди.
*Арзыбек Токторбаевдин* айтымында, уулу былтыр Кыргызстанга кайтып келүү үчүн 10-ноябрга билет алган.
“Билет алгандан кийин алар (ред: - орус күч органдары) баламдын артынан түшүп, аңдып жүрүшөт. Кайсы жерге барып жатат, ким менен жолукканын, аларга тиешеси бар-жогун текшеришкен. Аягында 7-ноябрда баламды кармайт”.
*Толук окуңуз 👉🏻* https://smarturl.click/M1pkb
😢
😮
👍
😂
😡
🇰🇬
🇵🇸
🎉
😕
😤
38