Azattyk

Azattyk

215.1K subscribers

Verified Channel
Azattyk
Azattyk
May 19, 2025 at 06:02 AM
*ЖКнын спикери орусиялык кесиптеши менен жолугушууда миграция маселесин көтөрдү* Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкекте 18-майда Орусиянын мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен жолукту. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар өз ара алака-катышты, кызматташууну дагы өнүктүрүүнү талкуулашты. Анда миграция маселелери тууралуу дагы сөз болду. > "Миграциялык жагдайга да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕЭАБ) мүчөлүгүн жана негизги өнөктөш өлкө экенин эске алып, кыргызстандыктарга жеңилдиктерди жана айрым миграциялык маселелерде артыкчылыктарды берүү зарыл экенин кошумчалады. Айрыкча эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөшүү жаатындагы сунуштарын айтты",-деп жазылган маалыматта. Бул сунуштарга Володиндин реакциясы кандай болгону тууралуу маалымат берилген жок. https://smarturl.click/200yJ
👍 ❤️ 🔥 😂 🙏 🤔 🤦‍♂ 🤦‍♂️ 🧜‍♀️ 20

Comments