Azattyk

Azattyk

215.1K subscribers

Verified Channel
Azattyk
Azattyk
May 31, 2025 at 04:53 AM
*"Карындашым мөлтүрөгөн жан эле..." Айзиректин армандуу тагдыры* 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда беш балалуу келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү аялдар кабылган зомбулук темасын кайра козгоду. 38 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып күйөөсү камалды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эркектерге кайрылып, аялдарды коргоого үндөдү. Мектептеги 20 жылдык кечеден кийин өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, беш баланын энеси, 38 жаштагы Айзирек Эралиеванын окуясы кыргыз коомун нес кылды. Карындашынан ажырап калган Нуркамил Эралиев үрөй учурган каргаша тууралуу мындай деди: "Ошол күнү окуяны балдары көргөн. Эки кызы, бир уулу үйүндө экен. Дагы бир баласы лицейде, окуусунда болгон. Ал ошол жакта жатып окуйт эле. 20 жылдыктан кайтып келгенден кийин уулун "сарайга барып, аттарды карап кел" деген да, чоң кызы менен кичүүсүн "эшикке чыгып тургула" деп айткан экен. Алар эшикке чыгып кеткенде Айзиректи аткан. Уруш эмнеден чыкканын балдары айткан жок". *Кененирээк макаладан окуңуз:* ➡️ https://smarturl.click/oVj6a
😢 😭 😡 💋 👍 🙏 💩 😮 🤲 ❤️ 60

Comments