Azattyk

Azattyk

216.7K subscribers

Verified Channel
Azattyk
Azattyk
June 1, 2025 at 05:26 AM
*УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы имараты ачылды* Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) борбордук аппаратынын жаңы имараты ачылды. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Жапаров азыркыдай дүйнөдөгү “тез өзгөрүп жаткан шарттарда улуттук коопсуздуктун мааниси болуп көрбөгөндөй артып жатканын” айтты. Бул имарат бардык керектүү шарты менен салынганын кошумчалады. > “Президент УКМК конституциялык түзүлүштү, аймактык бүтүндүктү коргоо, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү, контрчалгындоо ишмердүүлүгүн жана аналитикалык иштерди жүргүзүү боюнча эң маанилүү милдеттерди аткарып, мамлекеттин ишенимдүү таянычы болуп калганын айтты”, -деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта. https://smarturl.click/e0Lbq
👍 🖕 😮 💩 😆 😚 😢 😤 🤦‍♂️ 33

Comments