Azattyk

Azattyk

215.1K subscribers

Verified Channel
Azattyk
Azattyk
June 7, 2025 at 12:50 PM
*Ош: Аянттан алынган Лениндин эстелиги "Мээрим" эс алуу багына орнотулат* Ош шаарынын башкы аянтынан алынган Владимир Лениндин эстелиги калаадагы “Мээрим” эс алуу багына орнотулат. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматы таркатты. Эстеликтин ордуна Бишкектегидей желек сап (флагшток) орнотулары маалымдалды. “Мисалы, Орусиянын деле шаарларында, ошол эле Санкт-Петербургда, Белгороддо Лениндин эстеликтери демонтаждалган же башка жерлерге которулган. Бул шаарлардын жалпы архитектуралык, эстетикалык келбетин жакшыртуудагы кадыресе көрүнүш”, - деп жазды мэриянын маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов ФБ баракчасына. 7-июнь күнү эртең менен Ош мэриясынын кызматтары 1917-жылдагы Октябрь революциясынын жетекчиси жана Советтер Союзунун түзүүчүсү Владимир Лениндин Ош шаарынын башкы аянтындагы эстелигин көчүрүп кеткени маалым болгон. https://smarturl.click/xVY9m
👍 👎 😢 🖕 🇰🇬 😂 ❤️ 💩 🙏 😡 179

Comments