Azattyk

Azattyk

215.1K subscribers

Verified Channel
Azattyk
Azattyk
June 9, 2025 at 01:48 PM
Жогорку Кеңеш өткөн апта соңунда Жер кодексин талкуусуз кабыл алды. Өткөн жылдан бери бир катар нааразылык акциялары өтүп, айрымдар президентке кайрылган, парламент кабыл алган мыйзамга кол койбоону суранышкан. Алар кодекс кабыл алынса, “жер тилкелерин менчик ээлеринин макулдугусуз мажбурлап тартып алууга жол ачыларын” айтып чыгышкан эле. Документти президент Жапаров артка кайтаргандан кийин макулдашуу тобу кайра иштеп чыкканы, тармактык комитеттерде жактырылганы айтылды. Жапаров бул мыйзамды апрелде “жеке менчик кол тийгис” экенин айтып, артка кайтарган эле. https://smarturl.click/ReYLb
👍 🤲 ❤️ 🐖 😢 😮 🙏 11

Comments