Azattyk

Azattyk

215.1K subscribers

Verified Channel
Azattyk
Azattyk
June 11, 2025 at 07:33 AM
*Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенжебек Бокоев бир айга камакта калды* Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады. 9-июнда Талас облустук милициясы Бокоевди Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган. Кылмыш иши ал 2005-2010-жылдары азыркы Айматов районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган учурга байланыштуу экенин облустук милициянын басма сөз кызматы тактады. Экс-депутат, анын жакындары жана адвокаты милициянын айыптоосу жөнүндө комментарий бере элек. Кенжебек Бокоев Кыргызстан эгемендик алган жылдары ишкерлик менен алектенген. 2005-2010-жылдары Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагын башкарган. Ал 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган. 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясынын катарында парламенттин алтынчы чакырылышында депутат болгон.
Image from Azattyk: *Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенжебек Бокоев бир айга камакта калды*...
😮 👍 ❤️ 😢 🤣 🫨 💩 🔥 😂 😅 19

Comments