Azattyk
June 12, 2025 at 12:50 PM
Украинанын Херсон облусундагы Днепр дарыясынын нугуна курулган Кахов суу сактагычы 2023-жылдын 6-июнунда жардырылган. Андан чыккан ташкын жүздөгөн калктуу конуштарды жууп, ондогон адамдын өмүрү кыйылган.
Миңдеген балыктар кырылып, табигый чөйрөлөр бүлгүнгө учурап, жүздөгөн үйлөр суу астында калган. Азыр ошол суу каптаган аймактарга турна, көк кытан, бугу-марал, каман, кашкулак өңдүү жапайы жаныбарлардын 100дөй сейрек түрү ооп келген. https://smarturl.click/201gD
👍
😮
😂
🙏
10