
Azattyk
June 13, 2025 at 04:45 AM
Израил 13-июнда таңга маал Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге “алдын алуучу сокку урганын” жарыялады. Бул тууралуу Тегерандагы бир нече жарылуудан соң Израилдин Коргоо министрлиги билдирди.
Андагы маалыматка караганда, Израил Ирандагы ондогон объектке сокку урган, бирок эмне объекттер экени так айтыла элек. Ирандагы маалымат каражаттары Тегерандагы Имам Хомейни аэропортундагы бардык учуулар токтотулганын жазып чыгышты.
Израилдин Тегеранга аба соккусунан “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун” башкы командачысы *Хоссейн Салами* каза болгонун ирандык мамлекеттик Tasnim агенттиги жазды. https://smarturl.click/aRe8X
😮
😢
🇵🇸
💩
😂
😡
20